Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
2025-жылдын 22-августундагы №54
«Токтогул өндүрүштүк-эксплуатациялык Суу Канал” ишканасынын жетекчиси Ч.Анарбаевдин кайрылуусу жөнүндө»
“Токтогул өндүрүштүк-эксплуатациялык Суу Канал” ишканасынын жетекчиси Ч.Анарбаевдин 20.08.2025-жылдагы № 01-3/69 кайрылуусу Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын 22.08.2025-жылдагы жыйналышында каралган.
Аталган туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусу жана “Токтогул өндүрүштүк-эксплуатациялык Суу Канал” ишканасынын жетекчиси Ч.Анарбаевдин маалыматы эске алынсын.
2.Ишкананын бюджетинин киреше бөлүгүндө жетиштүү каражат болгон учурда, мында иштеген кызматкерлердин, жумушчулардын айлык акыларына 8,0 (сегиз) миң сомдон акча каражатын кошуп төлөөгө макулдук берилгендиги белгиленсин.
3.Ишкананын ишмердүүлүгүнө байланышкан бардык иштерди жакшыртуу багытында жоопкерчиликтүү, натыйжалуу иштерди жүргүзүү “Токтогул өндүрүштүк-эксплуатациялык Суу Канал” ишканасынын жетекчиси Ч.Анарбаевге милдеттендирилсин.
4.Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Н.Т.Нурканов) тапшырылсын.
5.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөлөрүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын
Төрага |
С.Т.Кылданов |