Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
2025-жылдын 22-августундагы №55
«Хан Садыр Арзымат уулуна айкел орнотууга жер аянтын берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуровдун 19.08.2025-жылдагы № 01-17/4660 каты, Токтогул шаарынын мэринин орун басары Т.Дарманованын 12.08.2025-жылдагы №01-18/1999 сунушу Токтогул шаардык кеңешинин “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясынын 20.08.2025-жылы болуп өткөн жыйналышында каралган.
Жыйынтыгында, Хан Садыр Арзымат уулунун 310 жылдыгы 2025-жылга Кыргыз Республикасынын жалпы улуттук, ведомстволук жана жергиликтүү маанидеги юбилейлик иш чаралардын тизмегине киргенин, алдыда иш чаралар белгиленгендигин эске алып, туруктуу комиссиянын чечимин, башка сунуштарды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын чечими колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2.Ага ылайык, Токтогул шаарына караштуу Жаңы-Жол айылынын түндүк тарабындагы Бишкек-Ош унаа жолуна жанаша жайгашкан муниципалдык менчиктеги жерден 400 (төрт жүз) чарчы метр жер аянты Хан Садыр Арзымат уулуна айкел тургузуу үчүн бөлүнүп берилсин.
3.Аталган айкел демөөрчүлөр тарабынан тургузула тургандыгы эске алынсын..
4.Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Ч.Иманбаев) тапшырылсын.
6.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
8.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
С.Т.Кылданов |