Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
2025-жылдын 22-августундагы №57
«Токтогул шаарынын Бөкөнбаев көчосүнүн № 42 үйүнүн жашоочусу Ч.Суеркулованын арызын кароо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдарына жана Токтогул районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 18.07.2025-жылдагы корутундусуна ылайык, Токтогул шаарынын Бөкөнбаев көчөсүнүн №42 үйүнүн жашоочусу Ч.Суеркулованын арызы жөнүндө Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдин 31.07.2025-жылдагы № 01-18/1877 кайрылуу каты Токтогул шаардык кеңешинин “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясынын 20.08.2025-жылы болуп өткөн жыйналышында каралган.
Аталган туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын чечими колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2.Ага ылайык, Токтогул шаарынын Бөкөнбаев көчөсүнүн № 42 үйүнүн жашоочусу Ч.Суеркулованын жеке менчигиндеги турак жай багытындагы 700 чарчы метр жер тилкесинин ичинен 51,42 чарчы метр жер тилкесинин максаттуу багытын дүкөн багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
3.Жердин максаттуу багытын өзгөртүүгө байланышкан бардык иштер тиешелүү мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
4.Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Ч.Иманбаев) тапшырылсын.
6.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
8.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
С.Т.Кылданов |