Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
2025-жылдын 22-августундагы №59
«Эски суу түтүктөрүн калыбына келтирүү, саркынды суу кетүүчү түтүктөргө туташтыруу боюнча жашоочулардын арыздарын кароо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Ичүүчү суу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын А.Суеркулов көчөсүнүн түштүк-батыш тарабындагы жашоочулар мурдагы ичүүчү суу кетүүчү суу түтүктөрүн калыбына келтирип, саркынды суу кетүүчү түтүктөргө туташтырып берүү боюнча арыз менен кайрылышкан. Токтогул шаардык кеңешинин “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясы арыздар менен жеринде таанышып, 20.08.2025-жылы болуп өткөн жыйналышында талкуулап чечим кабыл алышкан.
Аталган туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, калкты ичүүчу суу менен камсыздоо жергиликтүү маанидеги маселелердин бири экендиги баса белгиленсин.
2.Аталган жашоочулардын арыздарын канааттандыруу максатында суу түтүктөрүн калыбына келтирүүгө, саркынды суу кетүүчү борбордук түтүккө туташтырууга макулдук берилсин.
3.“Токтогул суу канал” өндүрүштүк-эксплуатациялык ишканасынын жетекчиси (Ч.Анарбаев) арыз ээлеринин суу түтүктөрүн калыбына келтирүүгө, борбордук саркынды суу кетүүчү түтүккө кошуп берүүгө жакындан көмөк көрсөтсүн.
4.Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Ч.Иманбаев) тапшырылсын.
6.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
8.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
С.Т.Кылданов |