Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
2025-жылдын 22-августундагы №61
«Токтогул шаардык кеңешинин 11.03.2025-жылдагы кезексиз VIII сессиясынын № 26 токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.К.Өзүбековдун чөп чабынды жерлерге ижара акысын өзгөртүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаардык кеңешинин 11.03.2025-жылдагы кезексиз VIII сессиясынын № 26 токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө Т.К.Өзүбековдун сунушу колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2.Ага ылайык аталган токтомдун 2-пунктунун 3-пунктчасындагы “чөп чабынды 0,01га жерге-50 (элүү) сом” деген сөздөр “ чөп чабынды 1 га жерге -1000 (миң) сом” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3.Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) милдеттендирилсин.
4.Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Н.Нурканов) тапшырылсын.
5.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
7.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
С.Т.Кылданов |