Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
2025-жылдын 29-августундагы №62
«Республикалык бюджеттен берилген каражатты чыгымдоо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдин 27.08.2025-жылдагы № 01-18/2141 сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын 29.08.2025-жылдагы жыйналышында каралган.
Аталган туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, республикалык бюджеттен которулуп берилген 19 402 665 сом Токтогул шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнө алынсын.
2.Бул каражат төмөндөгү жолдорду асфальтттоо иштерине жумшалсын:
- Статья 3111 - Кызыл-Туу айылынын Калыбек көчөсүн асфальттоого - 2 416 384 сом;
- Статья 3111 – Арал айылынын Кенжекара көчөсүн асфальтоого- 4 977 397 сом;
- Статья 3111 Токтогул шаарындагы Шарипов, К.Мадьяров атындагы көчөлөрүн асфальттоого-12 008 884 сом;
Жалпы: 19 402 665 сом
3.Планга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына (Э.Сооронбекова) милдеттендирилсин.
4.Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) милдеттендирилсин.
5.Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Н.Т.Нурканов) тапшырылсын.
6.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөлөрүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын
Төрага |
С.Т.Кылданов |