Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2025-жылдын 29-августундагы №63
«Интернет тутумун иштетүүгө каражат бөлүп берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, “Кыргызтелеком” Ачык акционердик коомунун Жалал-Абад филиалы тарабынан берилген 27.08.2025-жылдагы №35,36,37 Төлөнүүчү эсептери “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын 29.08.2025-жылдагы жыйналышында каралган.
Аталган туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, 2025-жылдын 7 (жети) айынын жыйынтыгы менен пландан ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен Статья 2212 аркылуу - 21671,00 сом акча каражаты төмөндөгү багыттар боюнча жумшалсын:
- 27.08.2025-жылдагы № 35 төлөнүүчү эсептин негизинде Тешебаев атындагы мектепте колдонулган интернет байланышы үчүн – 7171,00 сом;
- 27.08.2025-жылдагы № 36 төлөнүүчү эсептин негизинде Э.Ормонбеков атындагы стадиондо колдонулган интернет байланышы үчүн -5700,00 сом;
- 27.08.2025-жылдагы № 37 төлөнүүчү эсептин негизинде А.Иманбаев атындагы мектепте колдонулган интернет байланышы үчүн -2800,00 сом;
- Э.Ормонбеков атындагы стадионго интернет байланышы үчүн -6000,00 сом “Кыргызтелеком” Ачык акционердик коомунун Жалала-Абад филиалы төлөнүүчү эсебин берген учурда гана которулсун) ;
Жалпы: 21671,00 сом
2.Планга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына (Э.Сооронбекова) милдеттендирилсин.
3.Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) милдеттендирилсин.
4.Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Н.Т.Нурканов) тапшырылсын.
5.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөлөрүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын
Төрага |
С.Т.Кылданов |