Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезекcиз IX сессиясы
2025-жылдын 9-июну №2
«Базар-Коргон шаарынын автобекетин Базар-Коргон шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине алууга макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “ мыйзамынын 26-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаровдун 2024- жылдын 22-ноябрындагы №18-19218 тапшырмасын эске алып, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар Министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин долбоору иштелип чыккандыгына байланыштуу, Базар-Коргон шаарынын мэри Н.Мамбеталиевдин 21.04.2025-жылкы чыгыш №01-28/1011 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз IX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон шаарынын автобекетин Базар-Коргон шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Тохтасиновго милдеттендирилсин.
Төрага |
К.К.Анарбеков |