Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезекcиз IX сессиясы
2025-жылдын 9-июну №3
«Базар-Коргон шаарынын аймагындагы жеке менчик жер аянтарынын багытын өзгөртүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 12-беренеси, 18-беренелерин аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин башчысы А.Юсупжановдун катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз IX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Базар-Коргон шаарынын Вокзальный көчөсүндөгү Мөндөшева Батма Маматкапаровнага таандык идентификациялык номери 3-02-03-0007-0207 (572,40) чарчы метр жер тилкесин турак жай багытынан комерциялык дүкөн (соода комплекси) багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин башчысы А.Юсупжановго жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Тохтасиновго милдеттендирилсин.
Төрага |
К.К.Анарбеков |