Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезекcиз IX сессиясы
2025-жылдын 9-июну №4
«Базар-Коргон шаарынын аймагындагы бош жана кароосуз жаткан жер
аянттарды мэриянын муниципалдык менчик реестрине киргизүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-,45-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 9-беренесинин 3-пунктун аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин жетекчиси Н.Мамбеталиевдин 30.01.2025-жылкы чыгыш 01-4/48 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз IX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон шаар аймагындагы бош жана кароосуз жаткан жер тилкелерин жана аянттарын мэриянын муниципалдык менчик реестрине тиркемеге ылайык алынсын. Тиркеме №1 тиркелет.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин башчысы А.Юсупжановго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Тохтасиновго милдеттендирилсин.
Төрага
К.К.Анарбеков |