Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезекcиз IX сессиясы
2025-жылдын 9-июну №5
«Базар-Коргон шаарынын Разия участкасынан мечит куруу үчүн Б.Т. Тохтахуновдун 3-02-03-0027-0257 сыр белгиси менен 0,06 гектар жер тилкесин муниципалдык менчик реестрине кабыл алуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-,45-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 9-беренесинин 3-пунктун аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэри Н.Мамбеталиевдин 09.04.2025-жылкы чыгыш 10-4/856 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз IX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Базар-Коргон шаарынын Разия участкасынан мечит куруу үчүн Б.Т. Тохтахуновдун 3-02-03-0027-0257 сыр белгиси менен 0,06 гектар жер тилкеси муниципалдык менчик реестрине тиркемеге ылайык алынсын. Тиркеме №1 тиркелет.
2.Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин башчысы А.Юсупжановго жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Тохтасиновго милдеттендирилсин.
Төрага
К.К.Анарбеков |