Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезекcиз X сессиясы
2025-жылдын 19-июну №1
«“Базар-Коргон жылуулук” муниципалдык ишканасын ачууга жана Уставын бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27,34,65-беренелерин аткарууга алып, 13.05.2025-жылкы чыгыш №01-28/1202 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын вице мэри Ө.М. Мурзаевдин катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II -чакырылышынын кезексиз X-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Базар-Коргон жылуулук” ишканасы жаңыдан уюшулуп жатканына байланыштуу, жылуулук ишканасынын Уставын бекитүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К. Мамбеталиевге жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Жалиловго милдеттендирилсин.
Төрага |
К.К.Анарбеков |