Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезекcиз X сессиясы
2025-жылдын 19-июну №2
«Базар-Коргон шаарына караштуу Орто-Сай участкасынын №3-көчөсүнө Канаев Аскардын атын коюу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августунда №467 сандуу токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эске алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобонун 10,11,12-пунктарын аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу Совет муниципалдык аймактык башкаруунун башчысы Г.Сагынбаеванын 27.05.2025-жылкы чыгыш №55 сандуу кайрылуусуна жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,регламент жана депутаттык этика» боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Базар-Коргон шаарына караштуу Орто-Сай участкасынын №3-көчөсүнө Канаев Аскардын аты берилсин.
2.Канаев Аскардын атын коюуга кетүүчү 28900 сом акча каражатын карап берүү жагы Базар-Коргон шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.
3.Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,регламент жана депутаттык этика» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Жалиловго милдеттендирилсин.
Төрага |
К.К.Анарбеков |