Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезекcиз X сессиясы
2025-жылдын 19-июну №4
«Базар-Коргон шаарына караштуу Достук (кыймылдуу механикалаштырылган колонна) участкасындагы аты жок көчөгө Бегжанов Мурзабек Маматкуловичтин атын коюу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августунда №467 сандуу токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эске алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобонун 10,11,12-пунктарын аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу Совет муниципалдык аймактык башкаруунун башчысы Г.Сагынбаеванын 25.03.2025-жылкы чыгыш №31 сандуу кайрылуусуна жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,регламент жана депутаттык этика» боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз X – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Базар-Коргон шаарына караштуу Достук (кыймылдуу механикалаштырылган колонна) участкасындагы аты жок көчөгө Бегжанов Мурзабек Маматкуловичтин аты берилсин.
2.Бегжанов Мурзабек Маматкуловичтин атын коюуга кетүүчү 19550 сом акча каражатын карап берүү жагы Базар-Коргон шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.
3.Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,регламент жана депутаттык этика» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Жалиловго милдеттендирилсин.
Төрага |
К.К.Анарбеков |