Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезекcиз X сессиясы
2025-жылдын 19-июну №6
«Базар-Коргон шаардык кеңешинин 2025-жылдын 24-мартындагы II-чакырылышынын кезексиз VI-сессиясынын №1-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
“Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесин жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин Регламентинин 34-беренесин аткарууга алып, 18.06.2025-жылкы чыгыш №01-28/1557 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын вице мэри Ө.М. Мурзаевдин катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз X -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Базар-Коргон шаарынын аймагында мамлекеттик ипотекалык көп кабаттуу үй куруу үчүн Базар-Коргон шаарынын Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан мурунку чарба аралык курулуш уюмунун гаражынын жер тилкелеринин өз калоосу менен Базар-Коргон шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө келип түшкөн жарандардын арызын карап, төмөнкү даректердеги кайрылган жарандардын:
а) Б.Осмонов №50 көчөсүндө жайгашкан М.М.Арапбаевге таандык 3-02-02-0001-0194 сыр белгиси менен катталган 1751,0 чарчы метр жана 3-02-02-0001-0283 сыр белгиси менен катталган 49,0 чарчы метр тилкелерин муниципалдык менчике алууга, бардык пунктагы жерлерге Г.А.Ураимованын жана Р.Х.Ураимованын жер участкаларынан 2000,0 чарчы метр жер тилкесине алмашуу жолу менен;
б) Базар-Коргон шаарынын К.Бегимкулов №43 көчөсүндө жайгашкан К.М.Акматовго таандык 3-02-02-0001-1018 сыр белгиси менен катталган 243,3 чарчы метр жана 3-02-02-0001-0165 сыр белгиси менен катталган 149,0 чарчы метр жер тилкелерин муниципалдык менчике алууга, аталган жер тилкелерин Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан 3-бөлмөлүү батирге алмашуу жолу менен;
в) Б.Осмонов №15/3 көчөсүндө жайгашкан К.Култаевага таандык 3-02-02-0001-0192 сандуу сыр белгисиндеги 200,0 чарчы метр таандык жер тилкесин муниципалдык менчике алууга, бардык пунктагы жерлерге Г.А.Ураимовага жана Р.Х.Ураимовага таандык 400,0 чарчы метр жерге алмашуу жолу менен;
г) Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан А.М.Абдукаримовго таандык 3-02-02-0001-1022 сыр белгиси менен катталган 2475,0 чарчы метр жер тилкесин жана 3-02-02-0001-0271 сандуу сыр белгисиндеги 603,0 чарчы метр жер тилкесин муниципалдык менчике алууга, бардык пунктагы жерлерге Г.А.Ураимованын жана Р.Х.Ураимованын 3500,0 чарчы метр жер тилкесине алмашуу жолу менен;
д) Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан Ж.Абдуллаевага таандык 3-02-02-0001-0160 сандуу сыр белгиси менен катталган 570,0 чарчы метр жер тилкесин муниципалдык менчике алууга, бардык пунктагы жерлерге Г.А.Ураимованын жана Р.Х.Ураимованын жер участогунун 500,0 чарчы метр жер тилкесине жана Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын көп кабаттуу үйүнөн 3-бөлмөлүү батирине алмашуу жолу менен;
ж) Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан Д.А.Сулаймановго таандык 3-02-02-0001-0184 сыр белгиси менен катталган 210,0 чарчы метр жана Б.Осмонов №161/5 көчөсүндө жайгашкан 3-02-02-0001-0161 сыр белгиси менен катталган 99,0 чарчы метр жер тилкелерин муниципалдык менчике алууга, аталган жер тилкелерин Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын 2-бөлмөлүү батирине алмашуу жолу менен;
з) Жогоруда көрсөтүлгөн 1-пунктунун а,б,в,г,д,ж-пунктчаларынын жер участкаларын Базар-Коргон шаарынын мэриясынын муниципалдык менчиктин объекттеринин реестрине кабыл алууга жана муниципалдык менчиктен “Мамлекеттик ипотекалык компаниясы” ачык акционердик коомуна мөөнөтсүз пайдаланууга көп кабаттуу үйлөрдү курууга макулдук берилсин.
и) Базар-Коргон шаарынын Б.Осмонов №43/2 көчөсүндө жайгашкан Э.И.Надировго таандык 3-02-02-0001-0345 сыр белгиси менен катталган 8600 чарчы метр жана Э.И.Надировго таандык 3-02-02-0001-0344 сыр белгиси менен катталган 10600,0 чарчы метр жалпы 19200,0 чарчы метр жер тилкелерин муниципалдык менчике алууга, бардык пунктагы жерлерге Г.А.Ураимованын жана Р.Х.Ураимованын жер тилкелеринен 1000,0 чарчы метр жер тилкесине жана Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын 3-бөлмөлүү 2 дана батирге алмашуу жолу менен муниципалдык менчиктен Кыргыз Респбуликасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине өткөрүүгө макулдук берилсин.
й) Токтогул №33/2 көчөсүндө жайгашкан Г.А.Ураимовага таандык 3-02-03-0005-1243 сыр белгиси менен катталган 15984,40 чарчы метр жер тилкесин жана Култаев №23/1 көчөсүндө жайгашкан Р.Х.Ураимовага таандык 3-02-03-0005-1241 сыр белгиси менен катталган 2341,0 чарчы метр жер тилкесин Базар-Коргон шаарынын мэриясынын муниципалдык менчиктин объекттеринин реестрине кабыл алууга макулдук берилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К. Мамбеталиевге жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Тохтасиновго милдеттендирилсин.
Төрага |
К.К.Анарбеков |