КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезексиз XХIХ сессиясы
2024-жылдын 22-августу № 29/3
“Кара-Суу шаарынын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планы жөнүндө”
Административдик-аймактык реформанын алкагында түзүлгөн Кара-Суу шаарынын “Агрардык чарба жүргүзүүчү муниципалдык ишканасынын” Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын карап чыгып жана талкуулап шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Административдик-аймактык реформанын алкагында түзүлгөн Кара-Суу шаарынын “Агрардык чарба жүргүзүүчү муниципалдык ишканасынын” Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча 2024-2029-жылдарга планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| З.К.Эшмаматов |
Кара-Суу шаардык кеңешинин
депутаттарынын сессиясында
2024-жылдын “____” ____________
«Бекитилди»
_________________З. Эшмаматов
МО
Кыргыз РеспубликаСЫ, Ош облУсУ
Кара-Суу шаарына караштуу “Агрардык чарба жүргүзүҮчү муниципалдык ишканасынын Жайыт Пайдалануучулар Бирикмеси
ЖАЙЫТТАРДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА
ЖАМААТТЫН ОРТО МӨӨНӨТТҮҮ ПЛАНЫ
2024-2028-ЖЫЛДАРГА КАРАТА
Кара-Суу шаары
2024-жыл.
2.1. Географиялык орду, климаты, айылдары жана калкы
2.3. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси (ЖПБ) жөнүндө кыскача маалымат
2.4. Кара-Суу шаары боюнча жайыттардын кыскача мүнөздөмөсү жана инфраструктурасы
2.5. Жайыт карталары
3. МАЛДАРДЫН САНЫ, АЛАРДЫН ЖАЙЫТКА ЖАНА ДАЯРДАЛУУЧУ ТОЮТТАРГА БОЛГОН МУКТАЖДЫГЫ
3.1. Быйылкы жылга шарттуу малдын башы
3.2. 2024-2028-жылдарга карата болжолдуу шарттуу малдын башы
3.3. Быйылкы жылга жайыт жана даярдалуучу тоюттарга муктаждык
4. БЫЙЫЛКЫ ЖЫЛГА КАРАТА ЖАЙЫТ ЖАНА ДАЯРДАЛУУЧУ ТОЮТТАРДЫН КӨЛӨМҮ ЖАНА ТОЮТ БАЛАНСЫ