Загрузка документа…
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
I-чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы
Т О К Т О М
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2025-жылдын 29-сентябрь №71
Алтын-Арашан айыл аймагынын Кара-Жал, Черик
айылдарынын турак-жай курууга жер тиликелерин
аянтын белгилөө жөнүндө
Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш, Алтын-Арашан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовдун 2025-жылдын 23-сентябрь № 01-06/1710 Кара-Жал айылынын №255-контурундагы 4,0 га,Черик айылынан №1109,1102,1104,1095,1103-контурларындагы жерлерден үй салуу үчүн жергиликтүү жарандардан ар бирине азыркы отурган чеги менен 0,30га ашпаган чек менен чечим чыгарып берүү боюнча кайрылуусун карап, таанышып чыгып Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш
токтом кылат:
1.Кара-Жал айылынын №255-контурундагы 4,0 га, Черик айылынан №1109,1102,1104,1095,1103-контурларындагы жерлерден үй салуу үчүн жергиликтүү жарандарга ар бирине азыркы отурган чеги менен 0,30 га (30соткадан) ашпаган чек менен бөлүп берүүгө макулдук берет.
2.Бул токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Кыргыз Респуликасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн тийешелүү облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
3.Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго жүктөлсүн
Тѳрага А.Токомбаев