Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин
ХХIХ-чакырылышынын 7-сессиясы
2025-жылдын 16-апрелиндеги №1
Момбеков айыл өкмөтүнүн таза-суу, эгин суу жана жайыт комитеттеринин мүлктөрүн айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн
« Ак-Жол Момбеков » муниципалдык ишканасына
өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндөгү 2024-жыл 7-февраль № 52 Токтомунун негизинде Момбеков айыл өкмөтүнүн таза-суу, эгин суу жана жайыт комитеттеринин мүлктөрүн айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн
« Ак-Жол Момбеков » муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндөгү Момбеков айылдык кеңешинин ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айыл өкмөтүнүн балансындагы мүлктөрдү «Ак-Жол
Момбеков» муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн комиссия курамын түзүү жөнүндөгү
2025-жыл 11-апрель № 58 буйругу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруусунун аткаруу
органдарынын ишин уюштуруу жөнүндөгү 2024-жыл 7-февраль № 52 Токтомунун негизинде Момбеков айыл өкмөтүнүн Таза-Суу, Эгин суу жана Жайыт комитеттеринин мүлктөрүн « Ак-Жол Момбеков » муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндөгү 2025-жыл
11-апрелдеги кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысы бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун
басары З.Тиллабаевке жана «Ак-Жол Момбеков» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.Сатмбаевке милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык жана
агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага : Абдыразак уулу И