Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын
XI сессиясы
2025-жылдын 12-августу №2
«Базар-Коргон шаарынын мэриясынын 2025-жылдын II-жарым жылдыгына карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 Бюджеттик кодексинин 78-беренесине, 115-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123-мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктун, Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевдин Базар-Коргон шаарынын мэриясынын 2025-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө маалыматын угуп, жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын ХI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Базар-Коргон шаарынын мэриясынын 2025-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү төмөндөгүдөй бекитилсин.
2.Иштетилбей калган жана үнөмдөлгөн акча каражаттары 3,877 114 миң сом акча каражаты чыгаша бөлүгүнө отургузулсун:
а) Архитектура кызматы үчүн – 300 000сом.
б) Археолог кызматы үчүн – 350 000сом.
в) Техникалык шарт алуу үчүн (РЭТ) – 300 000сом
г) ЖЧК “Жыргал Строй” дун карызы үчүн – 309 700сом
д) Мектеп жана бала бакчаларын кышка даярдоо үчүн – 300 000сом
ж) Коопсуз шаар үчүн орнотулган видео көзөмөлдөр үчүн интернет – 250 000сом
з) Алдын ала каралбаган чыгымдар үчүн – 2 000 000сом
и) Совет МАБ ишканасына 1 (бир) даана электрик штат бирдиги, №12 Капарбек атындагы орто мектептин саркынды суу топтолуучу жайын жаңылоо, 10класстык бөлмөнүн эшик терезелерин алмаштыруу, №11 Алыкулов атындагы орто мектептин ашканасындагы мүчүлүштүктөрдү оңдоого, окуучулар линейка өтүүчү жайды ремонтоого, Юсупов атындагы негизги мектепке 1 класстык бөлмө куруп берүүгө, №39 Акылай мектепке чейинки билим берүү уюмунун кудугун ремонтоого акча каражаты бөлүнүп берилсин.
й) Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаты Сатаров Русланбек Исмаиловичтин сунушунун негизинде Базар-Коргон шаарына караштуу муктаж болгон жаңы конуштарга трансформатор сатып алып берүү жагы Базар-Коргон шаарынын мэрине милдеттендирилсин.
к) Базар-Коргон шарынын мэри Н.К. Мамбеталиевдин сунушунун негизинде Базар-Коргон шаарынын мэриясынын алдындагы “Тазалык” муниципалдык ишканасына 1 (бир) Хюндай портер үлгүсүндөгү авто унаа сатып алууга макулдук берилсин.
л)Базар-Коргон шаарындагы мектептердин 2025-жылдын 1-январынан 1-майына чейинки аралыктагы электр энергиясынан калган карызы үчүн 67 414миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
м) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзуна мүчөлүк акы үчүн 3 (үч) сом деп бекитилсин.
н) Базар-Коргон шаар мэриясынын 2025-жылкы жергиликтүү бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражаттары Базар-Коргон шаарынын мэриясы тарабынан керектүү көйгөйлүү чыгымдарга бекитилсин.
3.Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Базаркуловага милдеттендирилсин.
Төрага |
К.К.Анарбеков |