Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 8-апрелиндеги №32/6-9
«Кара-Көл участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө»
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине жана Борбордук шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 6-ноябрындагы № 176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобого ылайык Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Кара-Көл шаардык кеңешинин аппаратына токтомду жана ага тиркелген материалдарды Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясына кечиктирбестен жөнөтүү милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Ш.А.Токтосунов) жүктөлсүн.
Төрага
Ч.А.Кимсанов |