Редакцияот 12.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кара-Суу шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезектеги II сессиясы

 

2024-жылдын 12-декабры № 2/5

 

“Кара-Суу шаардык кеңешинин жана шаар мэриясынын аппарат кызматкерлерине материалдык жардам берүү жөнүндө”

 

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү 2021-жылдын 27-октябрындагы №125 мыйзамынын 21-беренесине ылайык кызматчыларга материалдык жардам көрсөтүү боюнча шаар мэриясынын сунушун угуп жана талкуулап шаардык кеңеш

 

Т О К Т О М   К Ы Л А Т

 

1. Кара-Суу шаардык кеңешинин жана шаар мэриясынын аппаратынын кызматчыларына эмгек акы бөлүгүнөн үнөм болгон 164 030,50 ( бир жүз алтымыш төрт миң отуз) сом акча каражаты материалдык жардам катары ажыратылып берилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Суу шаар мэриясынын ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө Кара-Суу шаардык кеңешинин тийиштүү туруктуу комиссиясыан милдеттендирилсин.

 

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасы

 

Ж.Т.Полотов