Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын
XI сессиясы
2025-жылдын 12-августу №4
«Базар-Коргон шаарына жаңы ачылып жаткан участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервдерин түзүү боюнча тиркемесин бекитип берүү жөнүндө»
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы А.Нарматовдун 09.07.2025-жылкы чыгыш 7/20 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын XI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон шаарына жаңы ачылып жаткан участкалык шайлоо комиссияларынын курамы жана резерви тиркемеге ылайык аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.Тиркеме №1 тиркелет.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы А.Нарматовго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Жалиловго милдеттендирилсин.
Төрага |
К.К.Анарбеков |