Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз
XII-сессиясынын
2025-жылдын 9-сентябры №3
«Базар-Коргон шаарынын мэриясынын алдындагы жаңы ачылып жаткан “Чарбалык эсептеги Базар-Коргон автобекет” муниципалдык ишканасына штаттык бирдигин бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-34-65-беренелерине ылайык, Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевдин 13.08.2025-жылкы №01-28/2289 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кенешинин Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет,экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз XII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон шаарынын мэриясынын алдында жаңы ачылып жаткан “Чарбалык эсептеги Базар-Коргон автобекет” муниципалдык ишканасына: 1 жетекчи, 1 бухгалтер кассир, 1 юрист, 1 механик, 1 иш жүргүзүүчү, 2 диспетчер, 4 кассир контролер, 3 отургузуучу контролер, 3 акы төлөөчү контролер, 2 кароол, 1 тазалоочу жалпысы болуп 20 штаттык бирдигин бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К. Мамбеталиевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Базаркуловага милдеттендирилсин.
Төрага |
К.К.Анарбеков |