Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-октябрындагы № 660 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин түзүү, кароо, бекитүү жана аткаруу тартиби жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (мындан ары - ММК фонду) бюджетин түзүү, кароо, бекитүү жана аткаруу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) ММК фондунун бюджетинин долбоорун түзүүдө, кароодо, аны бекитүүдө жана аткарууда бюджеттик процесстин катышуучулары тарабынан аткарылуучу эрежелерди жана жол-жоболорду белгилейт.
2. Ушул Жобо бюджеттик мыйзамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу системасын каржылоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыкты.
3. ММК фондунун бюджети жыл сайын тиешелүү жылга бюджет жөнүндө мыйзам менен бекитилет жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү милдеттерди жана функцияларды финансылык камсыз кылууга арналган акча каражаттарынын консолидацияланган фондун камтыйт.
2-глава. Бюджеттик процесстин негиздери
4. Бюджеттин долбоору кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге ушул Жобонун ченемдерине ылайык түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык көрсөткүчтөрдү камтыйт.
5. ММК фондунун бюджетинин долбоорун түзүү төмөнкүлөрдүн негизинде ишке ашырылат:
1) орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарынын;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы);
3) өткөн мезгилдеги бюджеттин аткарылышын талдоонун.
6. ММК фондунун бюджетин түзүү, бекитүү жана аткаруу бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн теңдөө принцибинин негизинде ишке ашырылат.
3-глава. Кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге бюджет жөнүндө мыйзам долбоорунун мазмуну
7. Кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге бюджет жөнүндө мыйзам долбоорунда бюджеттин төмөнкүдөй негизги параметрлери камтылат:
1) Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын башка бюджеттеринен алынуучу бюджеттер аралык трансферттердин жалпы көлөмүн кошуп алганда кирешелердин жалпы көлөмү;
2) чыгашалардын жалпы көлөмү;
3) кассалык жүгүртмө накталай акчанын өлчөмү.
8. Кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге бюджет жөнүндө мыйзам долбоору мыйзам долбооруна карата түшүндүрмө катты жана төмөнкү тиркемелерди камтыйт:
1) кезектеги бюджеттик жылга бюджеттин ресурстарын жана чыгашаларын (кирешелердин классификациясынын жана чыгашалардын экономикалык классификациясынын беренелеринин коддору боюнча ирилештирилген көрсөткүчтөр);
2) пландык мезгилге бюджеттин ресурстарын жана чыгашаларын (кирешелердин классификациясынын жана чыгашалардын экономикалык классификациясынын беренелеринин коддору боюнча ирилештирилген көрсөткүчтөр);
3) ведомстволук классификациялык коддор жана чыгашалардын экономикалык классификациясы боюнча кезектеги бюджеттик жылга бюджеттин чыгашаларын;
4) беш белгинин деңгээлиндеги функционалдык классификациялык коддор жана чыгашалардын экономикалык классификациясы боюнча кезектеги бюджеттик жылга бюджеттин чыгашаларын;
5) программалык негизде орто мөөнөттүү мезгилге ММК фондунун бюджетин;
6) кезектеги бюджеттик жылга Бирдиктүү төлөөчү системасынын саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлгөн медициналык жана башка кызматтарга төлөмдөрдү эсептөө үчүн колдонулуучу базалык ченемдерди.
9. Бюджет жөнүндө мыйзамдын долбооруна түшүндүрмө катта бюджеттин бардык кирешелер жана чыгашалар беренелерин экономикалык негиздөө, программалык бюджет жана бюджетти аткаруудагы тобокелдиктерди талдоо тууралуу маалымат камтылат.
4-глава. Бюджеттин кирешелерин түзүү
10. ММК фондунун бюджетинин кирешелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) республикалык бюджеттен алынган ассигнованиелер:
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары катары берилүүчү;
- саламаттык сактоодо максаттуу программаларды ишке ашырууга берилүүчү;
2) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен алынган милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары;
3) милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин сатып алуу аркылуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына камтылбаган юридикалык жана жеке жактардын (анын ичинде чет өлкөлүк) ыктыярдуу төгүмдөрү;
4) келишимдик милдеттенмелерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн белгиленген тартипте өндүрүлгөн финансылык санкциялар;
5) эл аралык уюмдардан алынган гранттар;
6) социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпулдар;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка кирешелер.
11. Бардык түшкөн кирешелер алардын келип түшкөн булагына карабастан Бирдиктүү казыналык эсепке чегерилет жана кийин бөлүштүрүү жана пайдалануу үчүн ММК фондунун администрациялануучу эсебинде топтолот.
12. Бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү жана аткаруу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясына ылайык ишке ашырылат.
13. Республикалык бюджеттен кезектеги бюджеттик жылга ассигнованиелерди алууга бюджеттик өтүнмө (мындан ары - бюджеттик өтүнмө) баштапкы медициналык-санитардык жардамдын саламаттык сактоо уюмдарында каттоодо турган камсыздандырылган калктын санынын көрсөткүчтөрүнүн негизинде жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан билдирилген республикалык бюджеттен берилүүчү ассигнованиелер боюнча алдын ала эсептелген контролдук цифралардын негизинде түзүлөт.
14. Кезектеги бюджеттик жылга баштапкы медициналык-санитардык жардамдын саламаттык сактоо уюмдарына катталган жана камсыздандырылган калктын саны боюнча көрсөткүчтөрдүн негизинде түзүлгөн бюджеттик өтүнмө бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
15. Калктын социалдык аялуу категорияларын милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөр медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
16. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен ММК фондунун бюджетине берилүүчү милдеттүү медициналык камсыздандыруу үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнөн түшүүлөр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр тарабынан төлөнүүчү милдеттүү медициналык камсыздандыруу үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн болжолдонгон түшүүлөрүнүн көлөмүндө каралат.
17. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына камтылбаган адамдар Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен милдеттүү медициналык камсыздандыруу үчүн төгүмдөрдү төлөшөт.
18. 31, 32-пункттарда каралган келишимдик милдеттенмелерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн каражаттар саламаттык сактоо уюмдарынан саламаттык сактоо уюмдарынын ишинин көрсөткүчтөрүнө мониторинг жүргүзүүнүн жана талдоонун натыйжалары боюнча ММК фондунун аймактык башкармалыктары тарабынан финансылык санкцияларды салуу жөнүндө дооматтардын жана кабарламалардын, ошондой эле бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон жана бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүнүн булагы болгон көрсөтүлгөн медициналык жана башка кызматтардын сапатына экспертиза жүргүзүүнүн негизинде өндүрүлөт.
19. Бюджеттин киреше бөлүгүндө эл аралык уюмдардан алынган, түзүлгөн эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда аныкталган максаттарга жана милдеттерге жетишүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу үчүн арналган гранттардын, демөөрчүлүк (финансылык) жардамдын каражаттарынын түшүүсү болжолдонууда.
20. Бюджеттин киреше бөлүгүндө түшүүсү жана пайдаланылышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка кирешелер болжолдонот жана эсепке алынат.