Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 29-августу № 01-7/35

Жер тилкесин күрөөго коюу жөнүндө

 

Сары-Өзөн айылдык кеңешинин  агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Апакаевдин Төш-Булак айылынын №259 контурундагы 2,2 га жер тилкесин Россия-Кыргызстан Өнүктүрүү Фондунан кредиттик каражаттарды алуу үчүн келишимге ылайык күрөөгө коюу шарттарын аткаруу зарылдыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги сессиясы 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Сары-Өзөн айыл аймагынын Төш-Булак айылынын №259 контурундагы 2,2га жер тилкесин Россия-Кыргызстан Өнүктүрүү Фондуна ГЭС-1 долбоорун курууну ишке ашыруу үчүн заемдук каражаттарды алуу максатында күрөөгө коюуга макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемировго тапшырылсын.

Төраганын орун басары 

 

 М.Р.Акчалов