Редакцияот 29.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 29-майы № 01-7/28

“Таза Айыл” муниципалдык ишканасынын кызмат көрсөтүү акысынын прейскурантта баасын көтөрүү жөнүндө

 

“Таза Айыл” муниципалдык ишканасынын директору С.Бербаевдин “Таза-Айыл” жана “Таза Төш-Булак” муниципалдык ишканаларынын бириккендигине жана күйүүчү майдын, автотетиктердин кымбаттагандыгына байланыштуу техникалардын кызмат көрсөтүү акысын көтөрүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Өзөн айылдык кеңешинин  XXVIII чакырылышынын 3-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. “Таза Айыл” муниципалдык ишканасынын техникаларынын кызмат

көрсөтүү акысы №1 тиркемеде прейскуранттагы баага ылайык көтөрүлсүн жана бекитилсин.

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Сары-Өзөн айыл

өкмөтүнүн башчысы А.Сагынбековго жана “Таза Айыл” муниципалдык ишканасынын директору С.Бербаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага        

 

 Т.Э.Бектемиров