Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-октябры № 55
Электр жабдуу объекттерин мамлекеттик менчикке акысыз ээликтен ажыратууга макулдук берүү жөнүндө
Азыркы турган кыймылсыз мүлк объекттерин натыйжалуу пайдалануу, калкка электр энергиясын үзгүлтүксүз жана натыйжалуу берүүнү камсыздоо, алдыдагы күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүү максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын мэриясына жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен курулуп бүткөн электр жабдуу объекттерин, тиркемеге ылайык мамлекеттик менчикке акысыз ажыратууга макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды белгиленген тартипте көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.
Төрага |
| Б. Усеналиев |
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 7-октябрында № 55 токтомуна тиркеме |
Электр жабдуу объекттеринин тизмеги
№ | Объекттин аталышы жана номери | Укук белгилөөчү документтеринин болушу |
1 | “Калыс-Ордо” конушу 107/19, электр жабдуу тармагы жана № 4800 ТКЧ | Күбөлүктүн В сериясы № 097642, аянты - 0,0018 га |
2 | “Кайыңды” конушу, (Каражыгач багы), электр жабдуу тармагы жана № 4830 ТКЧ | Күбөлүктүн В сериясы №071770, аянты – 0,0006 га |
3 | “Бугу-Эне-Багыш” конушу, электр жабдуу тармагы жана № А2320 ТКЧ | Мамлекеттик актынын Б сериясы № 054677 аянты – 0,0224 га |
4 | “Кут” конушу, электр жабдуу тармагы жана № С1036 ТКЧ | Күбөлүктүн В сериясы №0112108, аянты – 0,0027 га |
5 | “Бугу-Эне-Багыш” конушу, электр жабдуу тармагы жана ТКЧ | Мамлекеттик актынын Б сериясы № 054673, аянты – 0,0224 га |
6 | “Кут” конушу, электр жабдуу тармагы жана № С1037 ТКЧ | Күбөлүктүн В сериясы № 0111895, аянты – 0,0027 га |
7 | “Кут” конушу, электр жабдуу тармагы жана № С1039 ТКЧ | Күбөлүктүн В сериясы №0112116, аянты – 0,0027 га |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
|
И. Б. Аденов |