ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Орозбеков айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы
2023-жылдын 01-февралы № 97
Орозбеков айылынын Кара-Кечүү участкасынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Орозбеков айылынын Кара-Кечүү участкасынын тургундарынын кайрылуусу боюнча депутат А.Имарбековдун билдирүүсүн угуп, бул маселе Орозбеков айылдык кенешинин социалдык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралаганын эске алуу менен айыл аймакта өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында, Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Орозбеков айылынын Кара-Кечүү участкасындагы Жеңиш көчөсүнө сел тосмо куруу жана сайдын жээгин селден бекемдөө жумуштарын ӨКМдин иш планына сунуштоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Орозбеков айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине жогорудагы жумуштарды “Азык-түлүк программасына” киргизүү менен аткарууга алуу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Орозбеков айылдык кеңешинин төрагасы: | О.Ибрагимов |