Редакцияот 01.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Орозбеков айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы

 

2023-жылдын 01-февралы № 96

 

Орозбеков айылынын Жоогесек-Коргон участкасынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө

Орозбеков айылынын Жоогесек-Коргон участкасынын тургундарынын кайрылуусу боюнча Орозбеков айылдык кенешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Каримовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Орозбеков айылынын Жоогесек-Коргон участкасындагы Орозбеков көчөсүнүн тротуарынын 300 метр аралыгын ондоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн сметага жараша ЮКЦ акционердик коому тарабынан социалдык пакет катары келүүчү цементтен бөлүп берүү жагы Орозбеков айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

2. Жоогесек-Коргон участкасындагы Орозбеков көчөсүнүн тротуарын оңдоп-түзөө боюнча жумуштардын көлөмүнүн сметасын түзүү жагы №2 Охна шайлоо округунун депутаты Б.Эргешовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Орозбеков айылдык

кеңешинин төрагасы:

О.Ибрагимов