ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Орозбеков айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы
2023-жылдын 01-февралы № 94
Учкун айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнундө
Орозбеков айылдык кенешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Каримовдун “Учкун айылынын тургундарынын KOIСA уюму тарабынан курула турган кичи футбол аянтчасына бюджеттен өкмөттүн салымы катары жана башка социалдык маселелерди ишке ашыруу учун акча каражатын бөлүп берүү жөнундө” билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2023-жыл башына калган бюджеттин калдыгынан Учкун айылына курула турган кичи футбол аянтчасына өкмөттүн салымы катары 1 500 000 ( бир миллион беш жүз миң) сом акча каражатын ажыратып берүү жагы финансы- экономикалык бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу З.Максутовго милдеттендирилсин.
2. Учкун айылындагы Ак-Суу дарыясынын жээгин бекемдөө боюнча жумуштарды райондук ӨКМ ишканасы менен биргеликте жандандыруу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бөлүнгөн акча каражаттарын өз багытында максаттуу пайдалануу Орозбеков айыл өкмөтүнө жүктөлүп, көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Орозбеков айылдык кеңешинин төрагасы: | О.Ибрагимов |