Редакцияот 01.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Орозбеков айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы

 

2023-жылдын 01-февралы № 93

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жер мунапысы боюнча” Жарлыгын аткарууга акча каражатын ажыратуу жөнүндө

Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы А.Алиевдин КР Президентинин “Жер мунапысы боюнча” Жарлыгынын негизинде айыл чарба багытындагы жерлерге мыйзамсыз курулган турак жайларды, курулуш аянттарын транформациялоо жумуштарын улантуу боюнча бюджеттен акча каражатын карап берүү жөнундөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Орозбеков айылдык кенеши Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 Жарлыгы менен кабыл алынган “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндөгү” Мыйзамын аткаруу максатында токтом кылат:

 

1. Орозбеков айыл аймагында “Жер мунапысы боюнча” айыл чарба багытындагы жерлерге мыйзамсыз курулган турак жайларды,курулуш аянттарын транформациялоо жумуштарына айыл өкмөтүнүн бюджетинин “Ар кандай чыгымдар” беренесинин 150 000 (жүз элүү мин) сом акча каражатын ажыратып берүү жагы финансы- экономикалык бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу З.Максутовго милдеттендирилсин.

 

2. Орозбеков айыл өкмөтүнө бөлүнгөн каражатты өз багытында максаттуу пайдалануу жагы жүктөлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Орозбеков айылдык

кеңешинин төрагасы:

О.Ибрагимов