ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Орозбеков айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы
2023-жылдын 01-февралы № 90
Орозбеков айылдык кеңешинин 2023-жылга Типтүү иш планын бекитип берүү жөнүндө
Орозбеков айылдык кеңешинин төрагасы О.Ибрагимовдун айылдык кеңештин 2023-жылга карата Типтүү иш планы боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Орозбеков айылдык кеңешинин Регламентине негиз 2023-жылга түзүлгөн Типтүү иш планы бекитилсин (иш план тиркелет).
2. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына кеңештин иш планынын негизинде туруктуу комиссиялардын 2023-жылга карата иш планын иштеп чыгуу жагы жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Орозбеков айылдык кеңешинин төрагасы: | О.Ибрагимов |