Редакцияот 01.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Орозбеков айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы

 

2023-жылдын 01-февралы № 88

 

Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жыл башына калган калдыкты бекитүү жөнүндө

Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын башына калган бюджеттен жана атайын каражаттын калдыгын бекитүү жөнүндө каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу З. Максутовдун билдирүүсүн угуп жана айылдык кенештин бюджет, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. 2023-жылдын башына калган 3703132 ( үч миллион жети жүз үч миң бир жүз отуз эки) сом калдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн планына №1 -тиркеме ылайык киргизилсин, атайын каражаттан жыл башына калган калдык 5400 (беш миң төрт жүз ) сом №2 – тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет).

2023-жыл башындагы 3703132 (үч миллион жети жүз үч миң бир жүз отуз эки) сом калдык төмөнкү беренелерге бөлүнсүн: ГСМ жана тетик сатып алуу 2214 беренесине -250000 (эки жүз элүү миң) сом; чарбалык буюмдарды сатып алуу 2222 беренесине -453132(төрт жүз элүү үч миң бир жүз отуз эки) сом; капиталдык ондоп-түзөө 3111 беренесине – 3000000( үч миллион) сом.

Атайын каражаттын жыл башындагы калдыгы 5400 (беш миң төрт жүз) сом ар түрдүү чыгымдар 2215 беренесине болүнсүн.(№3-4 тиркеме тиркелет)

 

2. Орозбеков айыл өкмөтүнүн финансы- экономикалык бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу З.Максутовго бюджетке тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы милдеттендирилсин.

 

3. Кадамжай райондук аймактык каржы бөлүмүнөн жогорудагы өзгөртүүлөрдү көнүлгө алуу жагы суралсын.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Орозбеков айылдык кенешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Орозбеков айылдык

кеңешинин төрагасы:

О.Ибрагимов