Редакцияот 01.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Орозбеков айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы

 

2023-жылдын 01-февралы № 87

 

Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджетин бекитүү, 2024-2025-жылдарга бюджеттин долбоору жөнундө

Орозбеков айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу З.Максутовдун Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолдуу көлөмү «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси» мыйзамдардын негизинде түзүлүп, сунушталып жаткандыгы жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Орозбеков айылдык кенешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралгандыгын эске алуу менен Орозбеков айылдык кеңешинин токтом кылат:

 

1. Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2023-жылгы бюджетинин киреше бөлүгү атайын каражаты менен 23214,8 миң сом, чыгашалар боюнча жетишпестигин эске алуу менен 23214,8 миң сом өлчөмүндө №1,2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү атайын каражаты менен 23353,1 мин сом өлчөмүндө №3-4 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү атайын аражаты менен 23515,2 мин сом өлчөмүндө № 5-6 тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2023-жылгы бюджетинен чыгашалардын корголгон беренелерине каралган каражаттар, штаттык бирдиктер нормативдик актылар өзгөргөндө азайтылышы же көбөйтүлүшү мүмкүн.

5. Айыл өкмөтүнө бюджеттик мекеме, уюмдар тарабынан бюджеттик каражаттарды регионалдык казына бөлүмүнө кириштелбей туруп сарптоого тыюу салынсын.

6. Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2023-жылга каралган бюджети 2023-жылдын январынан баштап ишке киргизилсин

 

 

Орозбеков айылдык

кеңешинин төрагасы:

О.Ибрагимов