ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Орозбеков айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы
2023-жылдын 01-февралы № 86
Орозбеков айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрүнүн 2022-жылга карата аткарылыш абалы жөнүндө отчету
Орозбеков айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу З.Максутовдун жериликтүү бюджеттин киреше, чыгаша бөлүктөрүнүн 2022-жылга карата аткарылыш абалы жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:
1. А.Орозбеков айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрүнүн 2022-жылга карата аткарылыш абалы жөнундөгү отчету “канааттандырарлык” деп табылсын .
2. Орозбеков айыл өкмөтүнө (А.Алиев, З.Максутовго) жергиликтүү бюджетти бекитилген сметага ылайык өз багытында максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду аткаруу жагы Орозбеков айыл өкмөтүнө жана аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Орозбеков айылдык кеңешинин төрагасы: | О.Ибрагимов |