Загрузка документа…
Карасаев айыл аймагынын айылдык кеӊеши
XXIХ-чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын «09»октябры №51
Карасаев айыл аймагындагы иштердин жалпы абалы ,жергиликтүү бюджеттин аткарылышы,калкты социалдык жактан коргоо программасы,2025жылдын тогуз айдагы жыйынтыгы боюнча айыл өкмөт башчысынын отчету жөнүндө.
Карасаев айыл аймагындагы иштердин жалпы абалы ,жергиликтүү бюджеттин аткарылышы,калкты социалдык жактан коргоо программасы,2025жылдын тогуз айдагы жыйынтыгы боюнча айыл өкмөт башчысы Э.А Чоркозов отчетун бербей кеткендигине байланыштуу Карасаев айыл аймагынын айылдык кеӊеши токтом кылат;
1. Карасаев айыл аймагындагы иштердин жалпы абалы ,калкты социалдык жактан коргоо программасы,2025жылдын бекитилген бюджетинин аткарылышы «Эске алынсын » деп табылсын.
2. Токтомду каттоого алуу жагы Кыргыз Республикасынын укуктук- ченемдик актыларынын реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине жиберилсин.
Төрага Д.Б Солпуев