Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз
XII-сессиясынын
2025-жылдын 09-сентябырындагы №10
Базар-Коргон шаарынын тургуну Шералиева Умиданын арызын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 15-,19-беренелерин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-,34-беренелерин аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин жетекчиси А.Юсупжановдун 23.07.2025-жылдын чыгыш №01-4/300 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз XII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон айыл өкмөтү шаар статусун алгандыгы үчүн, келечекте жолдор кеңейиши күтүлгөндүгүнө байланыштуу сатып алган менчик жер тилкесин өз каалосу менен муниципалдык менчикке өткөрүп берип аткандыгы үчүн Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу К.Култаев көчөсүндө жайгашкан жер аянтынан 100 чарчы метр жер тилкесин Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаты Малик уулу Кубанычтын сунушунун негизинде ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Тохтасиновго милдеттендирилсин.
Төрага К.К. Анарбеков