Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз
XII-сессиясынын
2025-жылдын 09-сентябырындагы №12
Базар-Коргон шаарында жайгашкан №34 Чолпон, №11 Гулнара балдар бакчаларына кошумча бирден тайпа ачып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27-беренесин, 29-беренесинин 6-пунктун, Өкмөттүк акселератор программасынын ”Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” программасын аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэринин орун басары Н.Ж.Ашимовдун каттарына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин социалдык, мектеп, бала бакча, жөлөк пул маселелери, маданият, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, жаштар, спорт, штат бирдиги боюнча туруктуу комиссиясынын корутундуларына негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II -чакырылышынын кезексиз XII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон шаарында жайгашкан №34 Чолпон, №11 Гулнара балдар бакчаларына кошумча бирден тайпа ачууга макулдук берилсин.
2. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына кошумча жаңы тайпалар ачылгандыгына байланыштуу тамак-аш,көмүр-отун жана инвентарлар менен камсыз кылуу жагы Базар-Коргон шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
3. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин социалдык, мектеп, бала бакча, жөлөк пул маселелери, маданият, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, жаштар, спорт, штат бирдиги боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Ташиевага милдеттендирилсин.
Төрага К.К. Анарбеков