Загрузка документа…
Карасаев айыл аймагынын айылдык кеӊешинин
XXIХ-чакырылышынын кезектеги IХ–сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын «09» октябры №54
Тынчтык мыйзамы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 06- декабрындагы №194 «Тынчтык жөнүндө » мыйзамы менен таанышып жана талкуулап Карасаев айыл аймагынын айылдык кеӊеши токтом кылат:
1.Карасаев айыл аймагына караштуу Тасма, Чоӊ- Тогузбай,Токтоян, Арал, Миӊ- Булак, Сары- Дөбө,Долон, Кош- Дөбө айылдарынын жергиликтүү тургундарынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп,калктын тынчтыгын жана эс алуусун камсыз кылуу максатында төмөнкү убакыт аралыгында үн басымынын жана ызы- чуунун белгиленген деӊгээлдеринен ашууга жол берилбесин;
- жумуш күндөрү- кечки саат 22:00дөн 07:00 чейин;
-дем алыш жана майрам күндөрү саат 22:00дөн 09:00 чейин убакыт аралыгында тынчтык мыйзамы киргизилсин.
2.Карасаев айыл аймагы боюнча үй- бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп- адаттарын тартипке келтирүү боюнча;
- Маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү, үйлөнүү –үлпөттөрүн,мааракелерди өткөрүү жана ар кандай үй-бүлөөлүк иш- чараларга негизсиз чыгашаларды токтотуу боюнча чаралар кабыл алынсын.
3. «Тынчтык жөнүндө » Мыйзамынын талаптарын бузгандар үчүн Карасаев айыл аймагынын укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиясы Укук бузуулар Кодексине ылайык чара көрүүгө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Карасаев айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Б Бакасовко жүктөлсүн.
5. Токтомду каттоого алуу жагы Кыргыз Республикасынын укуктук- ченемдик актыларынын реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине жиберилсин.
Төрага Д.Б Солпуев