Загрузка документа…
Карасаев айыл аймагынын айылдык кеӊеши
XXIХ-чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын «09»октябры №56
Карасаев айыл аймагындагы административдик аймактык реформага чейинки жана административдик аймактык реформа болгондон кийинки муниципалдык менчикте турган кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдүн, АЧЖМФ жерлерин ижарага берүүгө жана жерге байланышкан маселелер боюнча , мыйзамсыз менчикке өтүп кайтарылып алынган жерлер жөнүндө
Карасаев айыл аймагындагы административдик аймактык реформага чейинки жана административдик аймактык реформа болгондон кийинки муниципалдык менчикте турган кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдүн, АЧЖМФ жерлерин ижарага берүүгө жана жерге байланышкан маселелер боюнча, мыйзамсыз менчикке өтүп кайтарылып алынган жерлер жөнүндө маселени карап талкуулашып Карасаев айыл аймагынын айылдык кеӊеши токтом кылат;
1. Карасаев айыл аймагындагы административдик аймактык реформага чейинки жана административдик аймактык реформа болгондон кийинки муниципалдык менчикте турган кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдүн, АЧЖМФ жерлерин ижарага берүүгө жана жерге байланышкан маселелер боюнча , мыйзамсыз менчикке өтүп кетип кайра кайтарылып алынган жерлер жөнүндө маалыматын 2025-жылдын 30- ноябрына чейин жыл жыйынтыгына даярдап берсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет комиссиясына жана Карасаев айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Б Бакасовко жүктөлсүн .
3. Токтомду каттоого алуу жагы Кыргыз Республикасынын укуктук- ченемдик актыларынын реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине жиберилсин.
Төрага Д.Б Солпуев