Редакцияот 11.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛОВОДСК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 11-августу № 135

Москва районунда административдик-аймактык

реформаны жүргүзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” 2022-жылдын 18-октябрындагы №350 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы,-

 

Токтом кылды:

 

1.     Москва районунда административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Беловодск жана Биринчи Май айыл аймактарын бириктирүүгө макулдук берилсин.

2.     Жаңы түзүлгөн айыл аймагынын административдик борбору болуп Беловодск айылы жана аталышын "Беловодск айыл аймагы" деп калтырууга сунушталсын.

3.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж. Дубанаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Т.К. Кулжанов