Редакцияот 11.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛОВОДСК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 11-августу № 136

2024-2026-жылдарга бюджет боюнча кирешелер

долбоорунун орто мөөнөттүү болжолдуу бекитүү жөнүндө

 

Бюджет, экономика жана муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик ишмердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, 2016-жылдын 16-Май, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 95-главасынын 19-беренесине ылайык, 2024-2026-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн орто мөөнөттүү болжолун берүү зарылчылыгы жөнүндө Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

 

1. Тиркемеге ылайык 2024-2026-жылдарга бюджет боюнча кирешелердин долбоорун сунуштоо.

2024-жыл-115039,9 т. с.

2025-жыл-126567,9 т. с.

2026-жыл-139916,9 т. с.

2. Тиркемеге ылайык 2024-2026-жылдарга бюджет боюнча чыгашалар долбоорун сунуштоо.

2024-жыл-115039,9 т. с.

2025-жыл-126567,9 т. с.

2026-жыл-139916,9 т. с.

Киреше долбоорунун баштапкы варианты жөнүндө Кыргыз Республиканын Финансы Министрлигине сунуш кылуу.

3.  Жооптуу катчы берилген Токтомду Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек Юстициялык Башкармалыгына катталсын.

4.  Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөөсү Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Дубанаевге жүктѳлсүн.

 

 

Төрага

Т.К.Кулжанов.