БЕЛОВОДСК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 11-августу № 137
Жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
Молдокулов Заирбек Жолдошович жарандын 2023-жылдын 14-июлунда Беловодск айылынын Фрунзе №116 дарегинде жайгашкан «жер тилкесинде жайгашкан кафе имаратынан дүкөн жана кампа жайларын куруу үчүн жер тилкесине» максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө арызын угуп жана талкуулап, ошондой эле арызга тиркелген материалдарын (№171-2023 архитектуралык корутундусун жана жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү боюнча комиссиясынын акт-корутундусун) изилдеп.
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 1-б. 12-бер. жетекчиликке алып, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодск айылынын Фрунзе №116 дарегинде жайгашкан 1373,00 ч.м. аянтындагы «жер тилкесинде жайгашкан кафе имаратынан дүкөн жана кампа жайларын куруу үчүн жер тилкесине» максаттык багыты өзгөртүлсүн.
2. Жердин максаттуу багытын өзгөртүү үчүн токтомду даярдоо Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Дубанаевге милдеттендирилсин.
3. З.Ж.Молдокулов жараны тиешелүү документтерин Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 25-беренесине ылайык 30 календардык күндүн ичинде "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Москва райондук филиалында каттасын.
4. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Дубанаевга жүктѳлсүн.
Төрага | Т.К Кулжанов |