Редакцияот 27.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

XXVIII чакырылыштын 12 (кезектүү) сессиясы

 

2023-жылдын 27-январы № 7

Жангарач айылында жайгашкан суу сактагыч (Водозабор) маселеси боюнча Гавриловка айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, архитектура, айыл чарба, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин бекитүү жөнүндө

Гавриловка айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адиси М.М.Кашаповдун Жангарач айылында жайгашкан Жангарач айылынын суу сактагыч маселеси боюнча Гавриловка айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, архитектура, айыл чарба, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гавриловка айыл өкмөтүнө Сот органдарынан «Жыламыш» айыл чарба башкармасы тарабынан суу сактагычты сатуунун мыйзамдуулугу жөнүндө чечим алуу маселеси сунушталсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси-юрист А.А.Конокалиевге жүктөлсүн.

Төрага

 

А.Т.Ибраимов