Редакцияот 11.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛОВОДСК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 11-августу № 139

Жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө

Турдубаев Бактыбек Абдымажитович жарандын 2023-жылдын 26-июнундагы Беловодск айылынын Фрунзе №306 дарегинде жайгашкан короо жай жер тилкесин дүкөн куруу үчүн жер тилкесине максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө арызын угуп жана талкуулап, ошондой эле арызга тиркелген материалдарын (№61-2023 архитектуралык корутундусун жана жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү боюнча комиссиясынын акт-корутундусун) изилдеп.

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 1-б. 12-бер. жетекчиликке алып, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы,

 

 

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

 

1. Беловодск айылынын Фрунзе №306 дарегинде жайгашкан 1665,0 ч.м. аянтындагы жайгашкан короо жай жер тилкесинен дүкөн куруу үчүн жер тилкесине максаттык багыты өзгөртүлсүн.

2. Жердин максаттуу багытын өзгөртүү үчүн токтомду даярдоо Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Дубанаев милдеттендирилсин.

3. Б.А.Турдубаев жараны тиешелүү документтерин Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 25-беренесине ылайык 30 календардык күндүн ичинде "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Москва райондук филиалында каттасын.

4. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Дубанаевга жүктѳлсүн.

 

 

Төрага

Т. Кулжанов