Редакцияот 27.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

XXVIII чакырылыштын 12 (кезектүү) сессиясы

 

2023-жылдын 27-январы № 8

Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө

Гавриловка айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.М. Молдоканованын №13 Гавриловка балдар бакчасынын кызматкерлеринин жазган кайрылуусунун негизинде №13 Гавриловка балдар бакчасынын тарбиялоочусу А.Ш.Маделовага материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. №13 Гавриловка балдар бакчасынын тарбиялоочусу А.Ш. Маделовага Гавриловка айыл өкмөтүнүн бюджетинен 50,0 миң сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнсүн.

2. Гавриловка айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Б.Карымшакова материалдык жардам көрсөтүү үчүн акча каражаттарды издесин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.М. Молдокановага жүктөлсүн.

Төрага

 

А.Т. Ибраимов