Редакцияот 27.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

XXVIII чакырылыштын 12 (кезектүү) сессиясы

 

2023-жылдын 27-январы № 9

 

Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө

Гавриловка айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Ж.С.Мырсакованын Шалта айылынын, МТФ-3 тургуну С.Н.Садыковдун жазган арызынын негизинде материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Шалта айылынын, МТФ-3 тургуну С.Н.Садыковдун берген арызынын негизинде, Гавриловка айыл өкмөтүнүн бюджетинен 30,0 миң сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Гавриловка айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөүмүнүн башчысы Ж.Б.Карымшакова материалдык жардам көрсөтүү үчүн акча каражаттарды издесин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.М. Молдокановага жүктөлсүн.

Төрага

 

А.Т. Ибраимов