ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылыштын 12 (кезектүү) сессиясы
2023-жылдын 27-январы № 9
“Гавриловка айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджетинин долбоорун даярдоодо жана бекитүүдө Чүй облусунун өнүктүрүү фондуна өздүк салымы менен долбоорлорду ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын аныктоо жөнүндө”, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджетинин долбоорун даярдоодо жана бекитүүдө “Гавриловка айылындагы Гавриловка мектеп-комплексин капиталдык оңдоо” 1000 000 (бир миллион) сом Чүй облусунун өнүктүрүү фондунун каражатынын эсебинен биргелешип каржылоого салым кошуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 1000 000 (бир миллион) сом каралсын.
2. “Гавриловка айылындагы Гавриловка мектеп-комплексин капиталдык оңдоо” долбоорлорду Чүй облусунун өнүктүрүү фондунун каражатынын эсебинен ишке ашырууда жергиликтүү бюджеттен 1000 000 (бир миллион) сом белгиленген мөөнөттө кечиктирбестен каржыланышы керек.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Т.Ибраимов |