Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-сентябры № 2025-П-19/47-3-(НПА)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2009-жылдын 27-майындагы № 25/11 «Кыргыз Республикасында Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын27-майындагы № 25/11 «Кыргыз Республикасында Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин.
2. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде бул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Мамлекеттер аралык банкты, Евразия өнүктүрүү банкын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алдындагы Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондун, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин, «Борбордук депозитарий» жабык акционердик коомун жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн тааныштырсын.
5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктык эсептешүүлөр башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага |
| М. Тургунбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 17 сентябрындагы № 2025-П-19/47-3-(НПА) токтомуна карата тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2009-жылдын 27-майындагы № 25/11 «Кыргыз Республикасында Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/11 «Кыргыз Республикасында Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө нускоонун:
- 1.7-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«1.7. Улуттук банк ГСРРВнын оператору жана катышуучулардын Улуттук банкта ачылган эсептери боюнча системада эсептешүүлөрдү жүргүзүүчү эсептешүүчү банк болуп саналат.»;
- 3.1-пунктунун 3.1.1-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«3.1.1. ЭТДны иштеп чыгуу ГСРРВнын иш регламентине ылайык жүзөгө ашырылат жана ал төмөнкүдөй мезгил аралыктарына бөлүштүрүлгөн:
Мезгил аралыгы | Мезгил узактыгы |
Күндүн башталышы | 8:30-8:40 |
Бизнес үчүн ачык | 8:40-9:00 |
Тутумдаш системалар, анын ичинде төлөм карттары менен эсептешүү системалары боюнча катышуучулардын таза позицияларын акыркы эсептөө[1] | 9:00-17:00 |
ГСРРВда ЭТДны жана билдирүүлөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу | 9:00-17:20 |
ГСРРВ катышуучуларынын акча каражаттарынын резервин Пакеттик клиринг системасындагы дебеттик таза позицияга берүүсү | 8:45-13:30 |
Дебеттик таза позицияга резерв түзүү жана аны Пакеттик клиринг системасына берүү | 13:30-13:50 |
Пакеттик клиринг системасынын клиринг сессиясынын жыйынтыгы боюнча катышуучулардын таза позицияларын акыркы эсептөө | 13:50-14:20 |
Баштапкы өчүрүү (эсептешүү мезгил аралыгы) | 16:30 |
Жыйынтыгында өчүрүү | 17:00 |
Эсептешүүлөрдү аяктоо | 17:20 |
|
|
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 55-беренесине таянуу менен иштебеген майрам күнүнөн мурдагы жумуш күнүнүн, ошондой эле иштеген майрам күнүнүн узактыгы боюнча айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын иш регламенти бир саатка кыскартылат жана төмөнкүдөй убакыт аралыктары белгиленет: