Редакцияот 11.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛОВОДСК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 11-августу № 141

Беловодск айылдык кеңешинин кадрлар резервине киргизүүгө

конкурстук комиссияны бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин №24 - 2022 жылдын 2 февраль айынын Жарлыгынын негизинде “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө Жобого” ылайык, Беловодск айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, -

 

Токтом кылды:

 

1. Биргелешкен конкурстук комиссиянын курамы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин;

2. Депутат-Рагимов Саманд Магомед Оглы Беловодск айылдык кеңешинин жооптуу катчысын тандоо боюнча биргелешкен конкурстук комиссиянын төрагасы болуп аныкталсын;

3. Беловодск айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын квалификациялык талаптары №2-тйркемеге ылайык бекитилсин;

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам

 

 

Төрага

Т.К.Кулжанов

 

 

Тиркеме № 1

 

 

“БЕКИТИЛГЕН”

2023ж “11” Август

Беловодск айылдык

Кеңештин Токтомуна

Беловодск айылдык

Кеңештин Төрагасы

_________

Т. К. Кулжанов

 

Беловодск айылдык кецешинин жооптуу катчысынын кызмат

ордуна конкурс өткөрүү үчүн биргелешкен конкурстук комиссиянын

курамы

 

1. Рагимов Салман Мамед Оглы- Беловодск айылдык кеңешинин депутаты, конкурстук комиссиянын төрагасы;

 

2.Наматкулова Айнура Соранбаевна-Беловодск айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы, комиссиянын катчысы;

 

Комиссиянын мүчөлөрү:

 

3. Салбаров Байыш Сталбекович - Беловодск айылдык кеңешинин депутаты;

 

4. Жарандык коомдун өкүлдөрү(профсоюздук комитеттен, аксакалдар сотунан болот)макулдашуу боюнча;

 

5. Абибулаева Рина Наматхановна-Беловодск айыл өкмөтүнүн профсоюз комитетинин төрайымы.

 

 

Тиркеме 2

 

Москва районунун Беловодск айылдык кеңешинин

жооптуу катчысынын квалификациялык талаптары

 

Квалификациялык талаптар "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12- беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 4- апрелиндеги 2022-жылдын № 189 "Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтуу квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө" Токтомуна ылайык иштелип чыккан

 

Жалпы талаптар:

 

- Кыргыз Республикасынын Жараны.

 

- Соттолгон эмес.

 

- 18 жашка толгон.

 

Жалпы мыйзамдарды билүү:

 

Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:

 

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

 

2) Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы;

 

3) "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

 

4) "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

 

5) Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңештин 19-августундагы Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодексин, 2016-жйл №43

 

Башкы топтогу администрациялык муниципалдык кызмат ордуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

 

Жооптуу катчы (Г-Б) - 1 бирдик.

 

1) кесиптик билиминин деңгээли:

 

- тиешелүү багыттагы жогорку билими;

 

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

 

- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы; ф

 

3) кесиптик компетенциялар:

 

- билим:

 

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөсүн жонго салуучу мыйзамдарды;

 

адам ресурстарын башкаруу жаатында;

 

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;

 

- билгичтик:

 

иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

 

түзүмдук бөлүмдөрдүн проблемаларын чечүүгө мамилелерди талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;

 

башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;

 

таламдардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

 

коюлган милдеттерди чечүүдө инновациялык ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү табуу;

 

өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

 

ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

 

конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;

 

- көндүмдөр:

 

аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

 

түзүмдүк бөлүнүштөрдү башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана тапшырмаларды сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнүн кол алдындагыларга сапаттуу жеткируу, башкаруу чечимдерин ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана ыкмаларын издөө);

 

маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

 

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

 

натыйжалуу өз ара мамилелерди тузуу, иштиктүү этикеттин ыкмаларын билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү , эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууну жүргүзүү;

 

компьютердик жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.